Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Акжол Махмудовдун өкүнүчү жана ал канча олимпиаданы утууга даяр
12.07.2024 | 10:50
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) кеминде төрт олимпиадада жеңишти багындырууну көздөйт. Бул тууралуу ал грек-рим күрөшү боюнча эл аралык федерацияга берген маегинде билдирди.
Дүйнө чемпиону 10 суроого жооп берип, анда Токиодо өткөн Олимпиадада толук даярдыгына карабай, алтын утпай калганын айтты.
“Мен даяр болчумун, бирок бир аз көңүлдөнбөй койгондуктан утулуп калдым”, – дейт ал.
Ал күрөш болбогондо бокс менен машыкмак. Балбан Мальдив аралына эс алууга барууну эңсейт. Медалдарын үйдө сактайт.
“Мен үчүн эң балуу нерсе – үй-бүлө. Бул жашоодо эң оор нерсе – азгырыкка алдырбоо”, – дейт ал.
https://reporter.kg/mahmudovdu-dyjno-chempionatynyn-finalynda-utkan-balban-olimpiadaga-zholdomo-aldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт