Маданият министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады

09.09.2026 | 11:19
Министр культуры поздравил кыргызстанцев с Днем комуза — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстанда Комуз күнү белгиленүүдө. Маданият министри Мирбек Мамбеталиев маданият жана искусство ишмерлерин, комузчуларды жана жарандарды Комуз күнү менен куттуктады.

Министр өз куттуктоосунда комуз кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын жана эс-тутумун камтыган музыкалык аспап экени белгилеген.

"Анын ар бир кайрыгында Ала-Тоонун деми, элибиздин басып өткөн жолу жана улуттук мүнөзү камтылган. Залкар комузчуларыбыз менен күүчүлөрүбүздүн мурасы кылымдарды карытып, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Азыр кыргыз комузунун күүсү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жаңырып, элибиздин бай маданиятын жана улуттук жүзүн тааныткан маанилүү символго айланды",- деп билдирген ал.

Мамбеталиев жаш аткаруучулардын эмгегине токтолуп, алар бул өнөрдү эл аралык деңгээлге алып чыгып жатышканын айткан. Ошондой эле мамлекет тарабынан улуттук маданиятты сактоо, өнүктүрүү жана аны кийинки муундарга өткөрүп берүү боюнча иштер улантыларын билдирген.

"Ушул жаркын майрамда бардык комузчуларга, күүчүлөргө, өнөр адамдарына жана комузду аздектеген жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. 

Комуздун күүсү кыргыз барда жаңыра берсин! Кыргыз күүсүнүн мукам добушу Ала-Тоодон ааламга тарасын! Ар бир үйдө комуздун күүсү үзүлбөсүн! Комуз күнүңүздөр менен!",- деген министр өз куттуктоосунда.
Scroll to Top