Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекке америкалык, европалык туристтердин поезди келди
07.09.2026 | 11:40

6-сентябрда Бишкек шаарына Германиянын «Lernidee Erlebnisreisen GmbH» компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген 70тен ашык турист келди.
Чет өлкөлүк конокторду «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы салтанаттуу тосуп алган. Темир жол бекетинде кыргыз элинин кол өнөрчүлүк буюмдарынын, анын ичинде шырдак жана кийиз буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулган.
Программанын алкагында туристтер борбор калаа боюнча экскурсияга чыгып, шаардын тарыхы жана архитектурасы менен таанышышкан.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы поезддин кыймыл графигинин сакталышын жана коноктордун өлкө аймагында коопсуз жүрүшүн камсыз кыларын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом