50 миң долларды камтыйт: «Эл үмүтү» стипендиясы кимдерге бөлүнөт?

50 миң долларды камтыйт: «Эл үмүтү» стипендиясы кимдерге бөлүнөт?

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, документтерди онлайн кабыл алуу 3-сентябрга чейин ачык болот. Талап кылынган документтердин тизмеси кагаз түрүндө министрликтин 3-кабатында жайгашкан 311-бөлмөгө тапшырылышы керек.

«Эл үмүтү» стипендиясы техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистратура жана PhD докторантурада окуй тургандарга бөлүнөт.

» Жылдык стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш», — деп айтылат маалыматта.

Дүйнөнүн алдыңкы 100 мыкты университетинин тизмеси да көрсөтүлгөн.

Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди чогултат:

  • эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
  • паспорт;
  • КРдеги жогорку окуу жайдагы окуудагы жетишкендиктери менен диплому;
  • мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • чет өлкөлүк ЖОЖ тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ, талапкердин чет өлкөдөгү окуудагы жетишкендигинин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалым кат (мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен);
  • жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор, илим-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
  • стипендия алганга чейин эки жыл ичиндеги илим-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама менен чыгып сүйлөгөндүгү жөнүндө маалыматтар керек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Эл үмүтү» аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: эл үмүтү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>