Чүй: Унаа тоногон жаран колго түштү

Чүй: Унаа тоногон жаран колго түштү

Аламүдүн районунда авто унаалардан баалуу буюмдары уурудап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облустук милициянын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан авто унааларды ачып ичиндеги буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалган.

25-июнь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө унаасынын айнегин сындырып, 18 000 сом акча каражатын жана алтын буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен О.С. аттуу жаран кайрылган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Издөө иш чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1989-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда ушул сыяктуу дагы 3 фактыга тиешеси бар экени аныкталып автоунаалардын ичинен капчыктарды жана башка баалуу буюмдарды уурдап жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда шектүү Аламүдүн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>