Ала-Букада райондук соттун жаңы имараты ачылды

Жалал-Абад облусунда Ала-Бука райондук сотунун жаңы административдик имараты ачылды. Ачылыш аземине Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы эки кабаттуу имаратта сот залдары, судьялардын жана кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, архив, күбөлөр үчүн бөлмө, адвокаттар жана прокурорлор үчүн кабинеттер жайгашкан. Ошондой эле жарандар үчүн «Бирдиктүү терезе» кызматы жана балдар үчүн атайын бөлмө каралган. Имарат видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жана башка заманбап инженердик системалар менен жабдылган.

Ала-Бука райондук сотунда учурда 3 судья, 9 аппарат кызматкери, 8 тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет.
Медербек Сатыев өз сөзүндө сот имараттарын куруу жана инфраструктураны жаңылоо жарандар үчүн ачык-айкын жана сапаттуу сот адилеттигин камсыз кылууга багытталганын белгилеген. Анын айтымында, заманбап шарттардын түзүлүшү сот кызматкерлеринин жоопкерчилигин жана коомдун сот бийлигине болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.