Кыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алган аял буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасаган болушу мүмкүн

Бишкекте белгисиз аял изделүүдө. Бир кыргызстандык келиндин айтымында, ал анын кичинекей кызын балдар аянтчасынан алдап ээрчитип кетип, алтын сөйкөсүн чечип алган.
6 жашар кыздын апасы Еленанын Reporter.kg сайтына билдиргенине караганда, окуя 1-августта саат 14:50дөн 15:00гө чейин борбор калаанын Биринчи Май районунда, Токтоналиев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги короолордун биринде болгон.
Еленанын айтымында, белгисиз аял балдар ойноп жаткан аянтчага келген.
«Балдардын айтымында, ал аял сылык-сыпаа болуп, аларга таенеси менен келгенин жана аны күтүп отургучта отура турганын айткан. Андан тышкары, ал бардык балдарга суу ичүүнү сунуштаган. Уулум кызымдын жанынан чыкпай жүргөнүн ал көргөн. Бир маалда уулум досу менен 10 мүнөткө дүкөнгө барып келет, анткени карындашы короодон чыкпасын, ал эми мен өзүм маал-маалы менен алардан кабар алып турушумду билет. Андан 20 мүнөт мурун мен эшикке чыккам, бирок ал аялды көргөн эмесмин. Андан кийин, кызымдын айтымында, ал аял аны үйлөрдүн жанынан короодон кантип ээрчитип кеткенин өзү да түшүнбөй калган. Белгисиз аял "сөйкөң кирип кетиптир" деп, аны аарчып берүүнү сунуштаганда гана кызым өзүнө келген. Кыз апасы урушарын айтып, сөйкөсүн чечпөөнү суранган. Аял сөйкөнүн бирин чечип, экинчисин кулагынан жулуп алган», — деди жабыр тарткан кыздын апасы.
Кыздын апасы ырастагандай, белгисиз аял акыркы жолу №201 муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) жанындагы видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.

Елена милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлери изделген аял байкалган жерлердеги видеокөзөмөл камераларынын жазууларын алышкан.
Учурда аялдын өздүгүн жана анын жүргөн багытын аныктоо иштери жүрүп жатат.
Кыздын апасы ал аялды тааныгандар же анын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандардан бул тууралуу милицияга кабарлоону суранат.
«Өзүңө тиешелүү эмес буюмду кайтарып бер. Укук коргоо органдарына арыз катталды, азырынча баарын жакшылыкча чечип алууга мүмкүнчүлүк бар», — деп кайрылат Елена изделүүчүгө.
Белгилей кетсек, буга чейин Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы 12-августта саат 15:30 чамасында Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин короосунда жашы жете элек кызга күч колдонуп, анын 40 миң сомдук алтын сөйкөсүн жулуп алган белгисиз аялга издөө салынганы тууралуу маалымат тараткан.

Бул факт Свердлов РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Тастыкталбаган маалыматтарга караганда, жалпысынан ушул сыяктуу төрт учур катталган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан (ШИИББ) Reporter.kg сайтына кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убада кылышты.
Анара Мамытова