Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Ала-Тоо аянтына аскерлер жана аскер техникасы келди
10.10.2020 | 15:24
Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтына аскерлер, аскер техникалары келди. Ошондой эле жүздөгөн формачан милиция кызматкерлери топтолду.
Борбор калаага комендант болуп дайындалган Алмазбек Орозалиев бул кадимки эле саптык тизилүү-бөлүштүрүү эле экендигин билдирди.
“Өзгөчө абал киргизилген. Элдик кошуун менен бирге кадимки эле саптык тизилүү-бөлүштүрүү эле өткөрүп жатабыз. Элге ок атып же элди кубалап таратуу максатыбыз жок. Биз саясатан тышкарыбыз. Бул жерден бөлүштүрүлүп шардагы коопсуздукту камсыздоо үчүн жөнөтүлөт.
Ал эми аскер техникасы менен аскерлер кайгуул жүргүзүшөт коменданттык саат учурунда”, – деди Орозалиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат