Ала-Тоо аянтындагы окуя — Бишкек мэри диджейге тумар белек кылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 1-июнда Ала-Тоо аянтында диджей катары оюн көрсөткөн майрамдык иш-чаранын жаш катышуучусу менен жолугушту.
Эскерте кетсек, 1-июнда Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чара учурунда адепсиз маанидеги ыр жаңырган. Мэриянын маалыматы боюнча, вице-мэр Виктория Мозгачевага катуу сөгүш жарыяланган. Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилип, ал эми анын орун басары Урмат Белекбаев кызматынан бошотулган.
«Аталган ырды койгон Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылды. Ага карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт», — деп айтылган маалыматта.
Бүгүн муниципалитеттен тактап өтүшкөндөй, Айбек Жунушалиев жаш катышуучу менен болгон окуяны талкуулады. Калаа башчысы аткаруучуга колдоо көрсөтүп, кырдаал үчүн жоопкерчилик иш-чаранын тиешелүү бөлүгүнө жооп берген уюштуруучуларда экенин белгиледи.
«Болгон окуяда сенин күнөөң жок. Тилекке каршы, ушундай кырдаал жаралып калды. Эч ким сенин жетишкендиктериңе жана сыйлыктарыңа шек келтирбейт. Сүйүктүү ишиңди уланта бер, чеберчилигиңди өркүндөтүп, Бишкек шаарын ар кандай иш-чараларда жана сынактарда татыктуу көрсөт», — деп келтирилет мэрдин сөзү.
Жунушалиев ошондой эле кызды волонтердук ишмердүүлүгүн улантууга жана шаардын коомдук жашоосуна катышууга, анын ичинде «Наристе» балдар фестивалынын жана башка иш-чаралардын конокторуна жана катышуучуларына жардам берүүгө чакырды.
Колдоо иретинде мэр катышуучуга эстелик белек — символикалуу тумар тапшырып, ага мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде кыздын апасы болгон окуя техникалык катанын кесепети экенин жана кызы үчүн маанилүү тажрыйба болгонун, бул окуя ага өз ишинин уюштуруучулук жана техникалык аспектилерине көбүрөөк маани берүүгө жардам берерин белгиледи.