Алар бир жылда чогулткан салыкты, биз 2,5 айда чогулттук, — Жапаров Масалиевдин иши тууралуу

Алар бир жылда чогулткан салыкты, биз 2,5 айда чогулттук, — Жапаров Масалиевдин иши тууралуу

Депутат Исхак Масалиев 2013-жылы Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болуп турганда планды 97%га гана аткарып, бир жылда 37 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Исхак Масалиев дайыма социалдык тармактарда өкмөттүн иштери боюнча комментарий берип келет.

“Биз 2022-жылдын 5 айында гана 60,8 млрд сом чогулта алдык. Алар 2013-жылы чогулткан салыкты биз 2,5 айда чогулта алдык. Балким алар үчүн ошол убакта жомок болушу мүмкүн. Бирок, бүгүнкү күндө бул факт, мунун эсеби менен биз айлык маяналарды көтөрүп жатабыз. Биз жаңы эч нерсе ойлоп тапкан жокпуз, болгону коррупциялык схемаларды алып салдык”, — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал Министрлер кабинети бюджеттин кирешелери боюнча планды 5 айдын ичинде 100%га аткарганын айтты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>