Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматов эркиндикке чыкты

Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматов эркиндикке чыкты

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата сот өкүмүн чыгарды.

Райондук соттун судьясы Бакыт Сагынбаев чыгарган чечимге ылайык, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.

Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.

Белгилей кестек, Кубанычбек Кулматов 2018-жылдын июнь айында камакка алынган. Ал Бишкектин «Калыс Ордо» конушундагы мектептин  курулушу боюнча коррупцияга айыпталууда.

Албек Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар муниципалдык жерди мыйзамсыз бөлүп берген деген айыптар коюлган.

Ал эми экс-мэрлер өздөрүнө карата тагылган айыптарды четке кагып, күнөөсү жок экенин айтып келишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>