Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алдамчылык жөнүндө кылмыш ишинин алкагында Октябрь районунун сотунун токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун жашоочусу К.С.га карата издөө жарыяланган.

Ушуга байланыштуу ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандын кайда экендигин аныктоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнү кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>