Сокулукта тапанча алып жүргөн адам кантип кармалды? Видео

Сокулукта тапанча алып жүргөн адам кантип кармалды? Видео

Бишкекте ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралалуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сокулук районунда 30-35 жаштардагы азият улутундагы жаран белгисиз үлгүдөгү куралды алып жүргөн. Аталган факты ички иштер органдарында бир ай мурун катталган.

Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо фактысын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын июль айынын ортосунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери атайын операциялар отрядынын жана Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүү жаран кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда андан  белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.

Кармалган жаран Чүй облусунун 1996-жылы туулган тургуну С.Р. болуп чыкты. Куралдын атууга жарамдуулугун аныктоо боюнча экспертиза жүргүзүлүп, ага ылайык курал атууга жарактуу экени аныкталган.

Ички иштер министрлиги курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүрткөн жарандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине ылайык ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алып жүрүү, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү үчүн жарандар 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Куралды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Курал-жаракты жана ок-дарыларды ыктыярдуу тапшыруу деп адамды кармоо учурунда, ошондой эле аларды табуу жана алуу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу  эсептелбейт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>