Ырысбек Мааткабылов “Эмгек” партиясынын лидерлигинен кетти

Ырысбек Мааткабылов “Эмгек” партиясынын лидерлигинен кетти

Ырысбек Мааткабылов “Эмгек” саясий партиясынын лидерлигинен кетти. Анын арызы аталган партиянын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Отурумда Ырысбек Мааткабылов колдоо көрсөткөн  партиялаштарына жана шайлоочуларына ыраазычылык билдирди. Партиянын жаңы лидерин шайлоо маселеси кийинки кеңешмеде каралат.

46 жаштагы Мааткабылов 2021-жылдын 13-февралында “Эмгек” саясий партиясынын жетекчиси болуп тандалган.

Ага чейин, 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген.

“Эмгек” партиясын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскар Салымбеков негиздеген. Андан кийин партияны Нарынбек Молдобаев жетектеп жаткан.

2015-жылы “Эмгек” “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, добуштардын 6,15 пайызын алган.

“Эмгек” партиясы 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого да катышарын билдирип, бирок кийин баш тартып койгон жана БШКда катталган өкүлдөрүн чакыртып алган.

2021-жылдын 11-июлунда өткөн Бишкек шаардык шайлоосунда жеңишке жетип, «Эмгек» партиясы 11 мандат алган. Фракциянын лидери болуп буга чейин бир нече жолу депутат болгон Жумабек Салымбеков шайланган.

БШКнын маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо “Эмгек” партиясы шайлоочулардын 18.25% добушун алган. Ал эми Токмок шаарында 47,7%, Кант шаарында 7,16%, Кемин шаарында 9,57%, Орловка шаарында 8,32%, Баткен шаарында 15,92%, Ноокат шаарында 16,16%, Балыкчы шаарында 11,55%, Каракол шаарында 9,18% добушка ээ болушкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>