“Алдамчылык жарытпайт”. Президент инвесторлорду алдаган ишкерлерге эскертти

“Алдамчылык жарытпайт”. Президент инвесторлорду алдаган ишкерлерге эскертти

Чет өлкөдөн келген инвесторлорду жергиликтүү ишкерлер алдап кеткен учурлар көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Өлкө башчысынын айтымында, акыркы жылдары четтен инвесторлор көп келе башташты. Бирок президент бул сөзүн так сандар менен бекемдеген эмес.

Садыр Жапаров инвесторлор менен бирге аларды алдоо фактылары дагы көбөйгөнүн айтат.

“Күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.  Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды” – деп эскертет ал.

Президент четтен келген ишкерлерди мамлекеттик мекемелер менен иштөөгө чакырат.

“Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле.  “Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген сыяктуу бюрократиялар болбосун. Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз”, — деп белгилейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>