Жалал-Абадда 2 өспүрүм жардыруу уюштурууну пландап жаткан деп кармалды (видео)

Жалал-Абадда 2 өспүрүм жардыруу уюштурууну пландап жаткан деп кармалды (видео)

Жалал-Абадда террордук акт уюштурууну пландап жаткан жаш балдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары 16 жаштагы Р.М. жапа У.М. аттуу өспүрүмдөр колго түшүрүлгөн. Алар интернет аркылуу “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террордук уюмга кошулуп, чет элдеги башчыларынын көрсөтмөсү менен борбордук аянттагы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу зат коюуну көздөп жаткан. Ошондой эле алар шаардагы чиркөөгө куралдуу кол салууну пландап жаткан.

“Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун төгүндөлгүс далилдери, эл аралык террордук уюмдун эмиссарлары менен кат алышуусу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу затты жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле аталган террордук уюмдун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүгү (Террордук акт) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр жаш балдардын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда тергөө уланып, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>