243 млрд сом кайдан? Бекешев Кыргызстандын 2026-жылкы бюджетин кайра кароо тууралууОш базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталдыЧикагодо Кыргызстандан чыккандар технологиялык стартаптардын сынагын уюштуруштуКыргызстандагы банктардын кредиттик портфели тогуз айда 29,9%га өстүЧүйдө унаа жолго сапатсыз асфальт төшөлгөн. Ишканага жолду кайра жасоо тапшырылдыКыргыз улуттук кинематографиясынын негизделгенине 85 жыл толду
Кыргызстан Кытайдан көбүрөөк жемиш импорттой баштады
28.12.2023 | 09:05
2023-жылдын 11 айында Кытайдан Кыргызстанга 290,7 млн долларга 191,7 миң тонна жемиш жана жаңгак импорттолгон. Бул тууралуу “Акчабар” Каржы порталы Кытайдын Бажы кызматына таянып жазды.
Кытай бажысынын маалыматы боюнча, бул бир жыл мурункуга караганда 115 миң тоннага (+150%) жана 164,3 млн долларга (+130%) көп.
Эң активдүү импорт:
- жаңгак – 139,1 млн долларга
- мандариндер – 56,8 млн долларга
- шабдалы – 25,7 млн долларга
- жүзүм — 23 млн доллар
- алмурут — 20,8 млн доллар