Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообу

17.08.2026 | 18:14
Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообу — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 2025-жылы Жеңиш чокусунда каза болгон орусиялык альпинист Наталья Наговицынанын сөөгүн ылдый алып түшүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеме альпинист каза болгон жер болжол менен 7 миң 102 метр бийиктикте жайгашканын жана ал жакка атайын альпинисттик даярдыгы бар, экстремалдык бийик тоо шартында иштөө тажрыйбасы бар адистер гана жете аларын түшүндүрдү.

Окуя болгон жердин абалын жана ал жердеги мүмкүн болгон издердин сакталып калган-калбаганын барып гана баалоого боло тургандыгы белгиленет.

Адистердин айтымында, бийиктиктеги иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн аба ырайынын кыска убакытка жакшырышына карап гана баалоого болбойт. Топтун жолго чыгуу коопсуздугу шамалдын күчүнөн жана багытынан, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн, температурадан, кар-муз катмарынын абалынан, рельефтен жана маршруттан, ошондой эле кар көчкү жана таш кулоо коркунучунан көз каранды.

Ошол эле учурда бийик тоолордо аба ырайы кыска убакыттын ичинде кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, аба ырайынын убактылуу жакшырышы куткаруучулар же тергөө тобунун иштөөсү үчүн ар дайым эле коопсуз убакыт (жылчык) пайда болду дегенди билдирбейт.

ӨКМ чечим кабыл алууда адистердин өмүрүнө жана ден соолугуна болгон тобокелдиктер да эске алынарын баса белгиледи.

«ӨКМ операцияны жүргүзүүдө коопсуздуктун жетиштүү кепилдиги жок шарттарга куткаруучуларды жөнөтө албайт», — деп белгилешти мекемеден.

Мындай бийиктикте жерде операция жүргүзүү үчүн атайын даярдыктан өткөн альпинисттик топ, бийик тоолуу шарттарга ылайыктуу шаймандар, байланыш каражаттары, медициналык камсыздоо жана тиешелүү логистикалык колдоо зарыл.

ӨКМ авиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча да түшүндүрмө берди. Болжолдуу каза болгон жердин өзүнө конуу үчүн техникалык мүнөздөмөлөрү 7,1 миң метрге жакын бийиктикте жана тиешелүү аба ырайынын шартында коопсуз иштөөгө мүмкүндүк берген тик учак талап кылынат. Кыргызстандын ӨКМинин карамагында мындай техника жок.

«Колдо болгон маалыматтарга караганда, дүйнөдө деңиз деңгээлинен болжол менен 7 миң 102 метр бийиктикте коно ала турган тик учактар жок. Бийик тоо шартында ар кандай иштерди жүргүзүүдө министрликтин башкы артыкчылыгы – операцияга катышып жаткан куткаруучулардын жана башка адистердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо болуп кала берет», — деп баса белгилешти мекемеден.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-августунда төрт альпинисттен турган топ ылдый түшүп келе жатканда Наталья Наговицына бутун сындырып алып, Жеңиш чокусунда калып калган. Ал болжол менен 7,1 миң метр бийиктикте болгон.

Орусиялык альпинистке Италиядан жана Германиядан келген альпинисттер жардам берүүгө аракет кылып, ага тамак-аш, суу жана жылуу кийимдерди жеткиришкен. Куткаруу операциясынын жүрүшүндө италиялык альпинист каза болгон.

2025-жылдын сентябрь айынын башында Наговицына расмий түрдө каза болгон деп табылган.

Ал каза болгондон кийин Кыргызстанда Жеңиш чокусуна чыгуу үчүн пермит (атайын уруксат кагазын алуу) системасы киргизилген.

Scroll to Top