Кыргызстан казак буудайын сатып алууну көбөйтүүнү көздөөдө

14.08.2026 | 10:31
Кыргызстан казак буудайын сатып алууну көбөйтүүнү көздөөдө — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Казакстандан буудай сатып алууну кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу кечээ, 13-августта, Алматы шаарында Кыргызстандын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаровдун жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда министрлер азык-түлүк буудайын жеткирүү, орус буудайын Казакстандын аймагы аркылуу транзиттөө жана минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо маселелерин карашкан. Ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, санариптештирүү жана асыл тукум мал чарбасындагы кызматташтыкты талкуулашкан

Кыргыз тарап казак буудайын сатып алууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, орус буудайын Казакстан аркылуу транзиттөө боюнча чечимдерди табууну сунуштаган.

Мындан тышкары жолугушууда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө инвестиция тартуу, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, айыл чарбасын санариптештирүү жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Scroll to Top