Чычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

Ысык-Көлдө эс алуу же аралыктан иштөө үчүн туура эмес эс алуу жайын байкоосуздан эле тандап алышыңыз мүмкүн. Пляждын, тоолордун кооз сүрөттөрү жана көрсөтүлгөн кызматтардын кеңири тизмеси көп учурда эс алуу жайынын чыныгы сапатын дайыма эле көрсөтө бербейт. Айрыкча 2026-жылы туристтик сезон кызуу болуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда жакшы эс алуу жайын алдын ала туура абдан маанилүү.
Reporter.kg басылмасы буга чейин 2026-жылы туристтердин Tripadvisor жана Booking.com сайттарындагы пикирлерине таянып, Ысык-Көлдө эс алууга ылайыктуу мыкты жайлар тууралуу материал жарыялаган.
Биз ошондой эле туристтердин пикирлеринин негизинде Ысык-Көлдөгү начар эс алуу жайларынын антирейтингин түзүүнү пландаганбыз. Бирок 2026-жылдын август айынын ортосуна карата жеткиликтүү маалыматтарды карап чыгып, мындай рейтингди калыс жана толук түзүү мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келдик. Себеби, төмөн бааланган эс алуу жайларынын көбү тууралуу эки сервистен тең салыштырууга боло турган, ачык жана текшерилген маалымат жетишсиз. Ал эми акыркы терс пикирлердин айрымдары айрым учурларга гана байланыштуу.
Мындай маалыматтардын негизинде антирейтинг түзүп, жарыялоо ишенимдүү болбой калмак. Ошондуктан биз башка жолду тандадык: Ысык-Көлдө эс алып жаткан туристтер кандай көйгөйлөрго туш болуп жатканын изилдеп көрдүк. Ошондой эле мындай көйгөйлөргө туш болбой, жакшы эс алууга жардам бере турган кеңештерди даярдадык.
Изилдөө кандай шартта жүргүзүлдү
Биз Booking.com, Tripadvisor, «Яндекс Путешествия» жана 2GIS сайттарындагы пикирлерди талдадык. Изилдөөдө пикирлердин жазылган убактысы, туристтердин нааразычылыктарынын мүнөзү жана көйгөйлөрдүн 2025–2026-жылдары кайталанышы эске алынды.
Жогорудагы платформалардан алынган пикирлерге ылайык, өткөн жана азыркы сезондо Ысык-Көлдө эс алуучуларды көбүнчө төмөнкү көйгөйлөр тынчсыздандырган:
- суу жана сантехникага байланыштуу көйгөйлөр;
- тамак-аштын сапатсыздыгы;
- эс алуу бөлмөлөрүнүн (номерлердин) абалы жана алардын тазалыгынын сапаты;
- администрациянын жана кызматкерлердин орой мамилеси же, тескерисинче, кайдыгерлиги;
- жеке коопсуздук жана жеке буюмдардын коопсуздугу;
- эс алуудан күткөн нерсе менен чыныгы көрүнүштүн айырмасы.
Ошондой эле бир катар чет элдик туристтер терс пикирлеринде айрым жерлерде англис тилин билген кызматкерлер же администраторлор жок экенин белгилешкен.
Бирок бул көйгөйлөрдүн көбү ошол эле Ысык-Көлдөгү мейманканалар, конок үйлөрү, хостелдер жана кемпингдер тууралуу мурда жарыяланган пикирлерде да айтылган. Пикирлерди жакшылап карап чыкканда, көйгөйлөрдүн айрымдарынан алдын ала эле сактанууга мүмкүн болгону көрүнөт.
Пикирлерден эмнеге көңүл буруу керек жана бул эмне үчүн маанилүү?
Алдын ала ээлөөдөн (брондоодон) жана акча төлөөдөн мурун эс ала турган мейманкана, кемпинг, конок үй же батир тууралуу пикирлерди сөзсүз окуп чыгыңыз. Эгер төмөнкү жагдайларды байкасаңыз, ал жерде эс алуу тууралуу дагы бир жолу ойлонуп көргөнүңүз туура:
- Бир эле көйгөй тууралуу кеминде үч башка адам жазса жана ал негизги кызматтарга тиешелүү болсо. Эгер ар кандай сервистердеги пикирлерде «номерлерди тазалашпайт», «электр жарыгы иштебейт», «администратор жана кызматкерлер орой мамиле кылат», «пляжда таштанды көп», «акча талап кылышат», «музыка катуу», «сынык идиштер», «чычкандар чуркап жүрөт», «буюмдар уурдалат» же «тамак-ашы абдан начар» деген даттануулар дайыма кайталанса, анда маселе туристтердин ашыкча талап кылганында эмес;
- Жерине барганда гана төлөнө турган кошумча акылар тууралуу пикирлер болсо. Мисалы, тамак-аш, номерди күн сайын тазалоо, бассейн, шезлонг, баланын же үй жаныбарынын жайгашуусу же унаа токтотуучу жай үчүн кошумча акы алынары алдын ала айтылбаса жана брондоо учурунда көрсөтүлбөсө;
- Эс алуу жайынын рейтинги жакшы болгону менен, акыркы пикирлер мурункуларга караганда начар болсо. Мисалы, акыркы алты айда же бир жылда тамак-ашка, жеке буюмдардын коопсуздугуна же бассейндеги сууга байланыштуу даттануулар көбөйсө;
- Аймактын жана номердин көрсөтүлгөн маалыматка жана сүрөттөргө дал келбегени тууралуу пикирлер болсо;
- Администрация кардарлардын пикирлерине бир өңчөй даяр жоопторду гана берип же коноктордун даттанууларына такыр жооп бербей жатса.
Оң пикирлерде эс алуу жайынын аймагы же жакын жердеги көл гана тууралуу гана оң пикирлер болуп, номерлердин сапаты, тамак-аш же кызматкерлердин мамилеси тууралуу бир да сөз болбосо, мындай учурда да этият болуу керек.
Иш жүзүндө бул айланадагы кооз көрүнүштөр менен кызмат көрсөтүүнүн сапатынын ортосунда айырма бар экенин билдириши мүмкүн: көзүңүз жана смартфондун камерасы кооз көрүнүштөргө кубанат, ал эми өзүңүзгө, маанайыңызга жана капчыгыңызга эс алуу жагымсыз болуп калышы мүмкүн.
Эгер пикирлерди окуп, бул жер сизге ылайыктуу деп чечсеңиз, кийинки кадам — анын администратору менен байланышуу. Эс ала турган жерди өзүңүз эмес, турагент аркылуу брондоп, ал турдун ичине кирсе да, келечектеги эс алууңузду бузуп албаш үчүн бир аз убакыт бөлүп, маалыматты тактап алганыңыз жакшы.
Номерди брондоодон мурун эмнелерди тактоо керек?
Администрациядан кайсы корпуста жана кандай номер берилерин тастыктап, тамактануу шарттарын, сууга чейинки аралыкты жана пляждын шарттарын тактаңыз. Учурдагы сезондо көрсөтүлүп жаткан кызматтардын кайсылары баага кирерин сураңыз: унаа токтотуучу жай, бассейн, шезлонг, бала үчүн керебет, тамактануу, тазалоо, сейф жана номерлерде же коттедждерде Wi-Fi барбы, же башка дагы кандай кызматтар сунушталат.
Алдын ала тактап коюу керек болгон, бирок көп учурда көңүл бурулбай калган жагдайлар:
- үй жаныбарлары менен кирүү эрежелери — эс алууга ит, мышык, арс чычканы, келемиш же башка үй жаныбарларын ала бара турган болсоңуз;
- тынчтык режими, депозит, номерди кошумча акыга тазалоо жана алдын ала төлөнгөн акчаны кайтаруу эрежелери;
- техникалык көйгөйлөрдү түнкүсүн жана дем алыш күндөрү чечүү тартиби — медициналык жардам же сантехниктин жардамы керек болуп калса, мындай жардам сизге жеткиликтүү болобу, алдын ала билип алган жакшы.
Мейманканада же конок үйүндө учурда оңдоо иштери жүрүп жатабы, ошондой эле жакын арада корпоративдик топтордун келиши же ызы-чуу менен коштолгон иш-чаралар пландалганбы — муну да сурап коюу ашыкча болбойт.
Катуу ызы-чуу чыгарган корпоративдик коноктор эс алуунун жайлуу өтүшүнө тоскоол болушу мүмкүн. Ошондой эле сиз жашай турган корпуста электр зымдарын, сантехниканы, канализацияны оңдоо же чатырды алмаштыруу иштери жүрүп жатса, бул да эс алууңузду бузушу ыктымал.
Коттеджди брондоодон мурун эмнелерди тактоо керек?
Эгер Ысык-Көлдө эс алуу үчүн коттедж ижарага алсаңыз, анда жөн гана аймактын аталышына эмес, конкреттүү коттедждин жана анын ээсинин пикирлерине көңүл буруңуз. Мисалы, шарттары мыкты деп саналган Karven Four Seasons пляжынын аймагындагы сиз ижарага алган коттедж ошол эле катардагы коңшу коттеджге караганда ичинен кыйла начар абалда болушу мүмкүн.
Коттедждин администрациясынан төмөнкүлөрдү сураңыз:
- даараткана, ашкана, уктоочу бөлмөлөрдүн жана короонун чыныгы сүрөттөрүн, ошондой эле идиш-аяктын, тиричилик техникасынын жана эмеректердин абалын;
- пляжга жөө канча убакытта жетүүгө болорун, жөн гана «көлгө чейин 5 мүнөт» деген маалымат менен чектелбеңиз;
- бассейнге, пляжга, унаа токтотуучу жайга жана балдар үчүн аянтчаларга кирүү мүмкүнчүлүгү бар-жогун;
- коттеджде кондиционер, муздаткыч, сейф, Wi-Fi, ысык суу жана видеокөзөмөл бар-жогун.
Кардар катары укуктарыңызды толук коргоого ижара келишими жардам берет. Анда кирип жашоо жана чыгуу мөөнөтү, депозит, алдын ала төлөм, коттеджде эс ала турган адамдардын саны жана эс алуу шарттары, ошондой эле жогоруда коттедждин ээсинен сураган бардык нерселер көрсөтүлүшү керек.
Келишимди нотариалдык жактан күбөлөндүрүү милдеттүү эмес, бирок мүмкүнчүлүк болсо, муну жасатып коюу жакшы: бул сиздин да, коттедждин ээсинин да укугунун корголушун кепилдейт.
Елена Короткова