Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылатЧоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт
«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга гумжардам жиберди
10.04.2020 | 15:06
Кытайлык «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жиберди.
Чартердик каттам менен келген жүктү бүгүн, 10-апрелинде “Манас” аэропортуна н тосуп алышты.
Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди.
Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.
Жардам көрсөтүүлөр Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору фонддору аркылуу жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом