Алмамбет Шыкмаматов жубайына коштошуу ырын жазды

Алмамбет Шыкмаматов жубайына коштошуу ырын жазды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов жубайына арнаган ырын Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анда саясатчы аялы менен чогуу түшкөн сүрөттөрү менен бирге жубайына арнаган коштошуу ырын жайгаштырган.

Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусунан 6-июлга караган түнү көз жумган.

КОШ ЖАНЫМ ЖАРЫМ ЖАНАРЫМ.
Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.

Өксүдү жаным, ый  толуп ,
Санаага  баттым  ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп .

Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең .
Асылым сени, жар кылып ,
Төрөп берген ата-энең .

Адамдан элең  башкача ,
Жарашчу сени мактаса .
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса .

Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда  баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды  асылым,
Олтурам  ыйлап шолоктой .

Кош жаным, жарым асылым !
Жоготту жүрөк жакынын .
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.

[su_image_carousel source=»media: 34210,34213,34209,34212,34211″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>