Улуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрүКамчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын билдирдиКыргызстанда аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери үчүн кенемте төлөтүү сунушталуудаАКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтарды
Алматы аэропортунун иши 13-январдан тарта жанданат
12.01.2022 | 15:48
Алматы эл аралык аэропорту 13-январдан тарта ишин улантат. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитетине шилтеме берүү менен Orda.kz билдирди.
Аба портунун жетекчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, ички жана эл аралык каттамдар авиакомпаниянын учуу графигинин убактысына ылайык саат 8.00дөн 21.00гө чейин аткарылат.
5-январда Алматы аэропорту басып алынып, бардык жүргүнчүлөр мейманканага эвакуацияланган. Эки күндөн кийин аба порту көзөмөлгө алынды.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар