Бишкекте 2008-жылы жасалган кош киши өлтүрүүнүн бети ачылды

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2008-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында жасалып, эки адамдын өмүрүн алган кош киши өлтүрүү иши боюнча төрт шектүүнү кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кылмыш ошол мезгилде уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери деп эсептелген Камчы Көлбаев менен Рысбек Акматбаевдин тарапташтарынын ортосундагы узакка созулган криминалдык тирешүүнүн жана өз ара өч алуунун негизинде жасалган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары А. К., А. Ш., Э. Ч. жана Н. М. кармалды. Аларга Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Адам өлтүрүү») каралган кылмыш боюнча айып тагылууда.
Учурда зарыл болгон тергөө жана процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө.
ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана оор, өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча ырааттуу иштерди улантып жатканын баса белгиледи. Мекемеден белгилешкендей, кылмыш жасалган күндөн бери канча убакыт өткөнүнө карабастан, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.