Көчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Алматы-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында 5 адам мерт кетти
14.08.2019 | 09:40
Алматы-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында 5 адам мерт кетти, алардын үчөө жаш балдар. Бул тууралуу super.kg казакстандык басылмаларга таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ,13-августта болжол менен саат 8:00 чамасында Алматы-Бишкек унаа жолунда орун алган.
“Каргашалуу жол кырсык Алматы-Бишкек унаа жолунун 86-чакырымында болжол менен Тарап айылынын аймагында орун алган. Анда Mazda 626 унаасы менен Shacman үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан жеңил унаадагы балдар сыртка чыгып кеткен. Ал эми бир аял киши унаанын ичинде кыпчылып калган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө, тиешелүү экспертизалар дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар