Курумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыкты

16.08.2026 | 12:15
Курумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыкты — Новости Кыргызстана

Курумды (Корумды) чокусунда жоголгон альпинисттер табылышы мүмкүн деген версия тастыкталган жок. 5100 метрдей бийиктиктеги аскаларда байкалган кара тактар таш болуп чыкты. Бул тууралуу өзүнүн баракчасында издөө тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди.

Анын айтымында, шектүү объектилерди кечинде дрон менен тартылган панорамадан байкашкан. Алар адамдарга окшош болгондуктан, издөө штабы бул версияны түнү бою текшерген.

Эртең менен дрон көрсөтүлгөн жерге жакындап, аны жакын аралыктан тарткан. Күндүз ал аймак кайрадан текшерилди.

«Бул таштар. Издөө иштеринин ички абалы ушундай көрүнөт. Эки жуманын ичинде мындай версиялардын ондогону болду, алардын дээрлик бардыгы "таштар" деген сөз менен аяктайт. Биз ар бир маалыматты текшерип жатабыз», — деп айтып берди Смирнов.

Издөөнүн катышуучулары ошондой эле айрым объектилердин координаттарын аныктоодогу так эместиктердин себебин да табышты. Смирнов түшүндүргөндөй, бир нече кадрдан куралган панорамаларда дрондун лазердик аралыкты өлчөгүчү табылган буюмдун өзүнө чейинки эмес, кадрдын ортосуна чейинки аралыкты аныктайт. Эгерде кадрга бир эле учурда тоонун капталы жана ылдый жайгашкан түз жер түшүп калса, жаңылыштык бир нече жүз метрге чейин жетиши мүмкүн.

Эми издөөчүлөр табылган объектилерди картага түшүрүүдө мүмкүн болгон катачылык (четтөө) аралыгын да көрсөтүп, ал эми панорамалык сүрөттөрдү эки позициядан тартып жатышат.

Аба ырайы күн бою издөө иштерин улантууга мүмкүндүк берди. Дрон таң аткандан караңгы киргенге чейин иштеп, бир күндө 20дан ашык видеожазуу тартылды.

Издөөчүлөр тоонун кырынан тартып мурда альпинисттердин буюмдары табылган жерге чейинки болжолдуу кулоо сызыгын толугу менен изилдеп, ылдый жактагы жаракаларды жана жогорку аркандын жанындагы тилкени карап чыгышты. Жоголгондордун жаңы издерин табуу мүмкүн болгон жок.

Түнкүсүн тоолорго кайрадан кар жаады. Смирновдун айтымында, 13-августта табылган буюмдардын бир бөлүгү кар астында калды, ал эми жогорураактан табылган буюмдардын бирин кар толугу менен басып калган.

Издөөнү улантуу үчүн Сары-Таш жана Сары-Могол айылдарынан 105 литр бензин табууга мүмкүн болду. Анын 60 литри төрт кабель жана кубаттоочу станция менен бирге лагерге жеткирилди.

Жүктү ӨКМдин Чоң-Алай отрядынын кызматкерлери жана издөө ишине өз ыктыяры менен кошулган жергиликтүү тургундар көтөрүп чыгышты.

«Кутманаалыга, Чыңгызга жана бүгүн буга катышкандардын бардыгына рахмат. Сиздер болбосоңуздар, бүгүнкү иштер ишке ашмак эмес», — деп жазды Смирнов.

Анын айтымында, кошумча жабдуулар дрондун аккумуляторлорун кубаттоого жана ошол эле учурда спутниктик байланышты кармап турууга мүмкүндүк берет. Мунун аркасында издөө тобу дрондун учуу санын көбөйтүүнү пландаштырууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу жоголгон, алардын курамында Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны бар.

9-августта Беларустун ОНТ телеканалы билдиргендей, топ 6 614 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. КР ӨКМи 9-августта тоолордо, болжол менен 5 000 метр бийиктикте альпинисттердин чатыры табылганын, бирок ал бош болуп чыкканын билдирген.

Курумду чокусунун бийиктиги 6 613 – 6 614 метрди түзөт, ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан. Бул аймак тик капталдары, мөңгүлөрү жана татаал бийик тоолуу рельефи менен өзгөчөлөнөт.

Курумду чокусуна чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана Памир-Алай аймагындагы техникалык жактан эң татаал жана кооптуу экспедициялардын бири болуп саналат. Узак убакыт бою бул чокуга адамдар аз барган бойдон калып келген.

Курумду чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин 2001-жылы ишке ашкан. Чоку жайгашкан аймакка альпинисттер сейрек барышат, анткени болжол менен 60 чакырым батыш тарапта жайгашкан Ленин чокусу альпинизмдин негизги борбору бойдон калууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top