Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
Бишкекте 16-августта ДКӨнүн ачылышынын репетициясына байланыштуу үч көчө жабылат
15.08.2026 | 12:45

Бишкекте 16-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКӨ) ачылыш аземинин репетициясына байланыштуу транспорт кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чектөөлөр саат 11:00дөн 19:00гө чейин күчүндө болот.
Унаа кыймылы төмөнкү тилкелерде жабылат:
— Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
— Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (мурунку Муромская) көчөсүнө чейин;
— Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин.
Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, чектөөлөр иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясын өткөрүү максатында киргизилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом