Алматыдагы атышуудан 5 киши өлдү

Алматыдагы атышуудан 5 киши өлдү

Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши каза болгонун полиция департаменти билдирди.

Окуя эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн алдырып жиберген адамдын үйүнө келгенде болгон. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан.

«Кылмышка шектүү кармалып, кырдаал көзөмөлдө»,-деп билдирди полиция.

Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Казакстанда насыясын төлөй албай калып, сотто утулуп калгандарды күчтөп чыгарган учурлар соңку жылдары көп катталып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>