Бир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташтыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияланды
Сулайман-Тоонун инфраструктурасы жакшыртылат
21.09.2021 | 10:26
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Сулайман -Тоонун айланасындагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш планын түзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине керектүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин инфраструктурасы менен таанышып, аталган Ошжайдын ичиндеги жолдордун, унаа токтоочу жайлардын абалына өзгөчө көңүл бурган.
Белгилей кетсек, “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 2009-жылдан бери ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом