РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Бишкектин окуучулары Алматыдагы илимий сынакта баш байгени утушту
09.10.2023 | 23:01
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №51 мектеп гимназиясынын 4 «Б» классынын окуучулары 1-11-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн илимий изилдөө долбоорлоо сынагында баш байгеге ээ болушту.
Мэриянын маалыматына караганда, сынакка 140 башталгыч мектеп катышты. Сынакта Нурел Доктурбеков, Айгүл Назарбаева жана Нурсултан Оморов жеңишке жетишти.
Бардык катышуучулар ардак грамоталар жана медалдар менен сыйланышты. Окуучулардын жетекчиси Кымбат Осмоналиевага мактоо баракчасы тапшырылды.
Белгилей кетсек, сынак Алматы шаарында “Эл аралык экология, инженерия жана педагогика илимдер академиясы” эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар