Алмазбек Исманкулов эки айга камалды

Алмазбек Исманкулов эки айга камалды

Коррупция иши боюнча кармалган «Көз микрохирургиясы» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-февралда Октябрь райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, Исманкуловду 9-апрелге чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Ошондой эле, аны менен бирге кармалган Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу 9-апрелге чейин үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 10-февралда Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгону, алардын аракетинен мамлекетке 93,1 млн сом зыян келтирилгени кабарланган.

Андан кийин Исманкулов менен Талант Рыскулбек уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын департаментинин директору кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>