«Көз микрохирургиясы» госпиталынын жетекчиси Исманкуловго кылмыш иши козголду

«Көз микрохирургиясы» госпиталынын жетекчиси Исманкуловго кылмыш иши козголду

«Көз микрохирургия» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен мэрия кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиршти.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө «Көз микрохирургия» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталган.

«Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>