Билим берүү министрлиги Түркиядагы жабыркагандарга жардам көрсөттү

Билим берүү министрлиги Түркиядагы жабыркагандарга жардам көрсөттү

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которду”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Расмий маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 33 миңден ашты.

Буга чейин Энергетика министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которгон. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>