Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу «Курак» тасмасын көрсөтүүгө тыюу салындыШвейцария Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорун колдойтМамлекет Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандантууга ири каражат бөлдүБишкек мэриясы: бак-дарактар менен гараждар түгөндү, эми балкондорго киришти«Ала-Арча» жаратылыш паркына кирүүнүн баасы көтөрүлдүБишкектеги чыр: мэрия жол салуу үчүн «Манас» университетинин тосмосун бузууда
Алты айда Орусиядагы 4,7 миң мигрант Эмгек министрлигине жардам сурап кайрылган
10.07.2024 | 18:00
Жарым жылда 4,7 миң эмгек мигранты жардам жана консультация алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Мекеменин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча 25 соттук отурумга катышып, 65тен ашык жолу Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышкан. Ал эми чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 9 жолу барып, 160тан ашуун жарандар менен жолугушууларды өткөрүштү.
Министрлик өкүлчүлүккө КР жарандарынын сөөгүн мекенине репатриациялоого байланыштуу бир жолку төлөмдөр жана жумуш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөгөндөр боюнча да кайрылса болорун эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар