Кыргызстанда уран калдыктарына жакын жайгашкан конуштардын кооперациясы түзүлдү

05.06.2026 | 11:35
Миң-Куш айылында өткөн уран калдыктары бар аймактардагы калктуу конуштардын жетекчилеринин жыйыны

Кыргызстанда уран калдыктарына жакын жайгашкан калктуу конуштардын кооперациясы түзүлдү. Мындай чечим Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш айылында өткөн уран калдыктары бар аймактардагы калктуу конуштардын жетекчилеринин жыйынында кабыл алынган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында, бул түзүм муниципалитеттер аралык аянтча катары кызмат кылып, экологиялык коопсуздук, рекультивациядан кийинки мониторинг жана инвестиция тартуу маселелери боюнча биргелешип иш алып барат.

Кооперациянын иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен жүрөт. Ага Майлуу-Суу шаарынын, Миң-Куш, Кара-Таш, Кызыл-Жар, Терек-Сай, Молдо Нияз айыл өкмөттөрүнүн жана Күн-Чыгыш жергиликтүү кеңешинин жетекчилери кирди.

Кооперациянын максаты — экологиялык коопсуздукту камсыздоо менен бирге социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү жана жергиликтүү бизнести колдоо болуп саналат.

Жолугушууда ошондой эле 2027–2029-жылдарга карата Иш-план талкууланган. Анда аймактарды өнүктүрүүнүн альтернативдүү жолдору жана чакан шаарлардын инфраструктурасын жандандыруу долбоорлору каралган.

Эске салсак, ушул жылдын 28-майында Миң-Кушта уран калдыктарын рекультивациялоо иштери жыйынтыкталганы жөнүндө протоколго Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы кол койгон.

Теги: ӨКМ
Scroll to Top