Алтынбек Сулайманов Ак-Суу районунун тургундарынын арыз-муңун укту

Алтынбек Сулайманов Ак-Суу районунун тургундарынын арыз-муңун укту

Кечээ, 15-апрелде Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов Ак-Суу районунун тургундарынын арыз-муңун укту.

Жолугушууга келген 300дөн ашуун жашоочуларга эркин микрофон берилип, райондогу бир катар көйгөйлөр айтылды.

Карапайым калк көп жылдардан бери жашап келген үйлөрүнө документ ала албай жатышканын билдиришип, облус жетекчисинен бул маселени чечип берүүнү суранышты.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов көп жылдан бери жашап, бирок үйүнө документ ала албай жаткан жашоочуларга документтерин тезинен бүтүрүп берүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, Советское айылында мектеп, бала бакча көйгөйү курч экени айтылса, Кереге-Таш айылынын тургундары кароодон калган бала бакчаны оңдоо иштерине көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Ал эми Жаңы-Арык айылынын тургундары укук коргоо органдарына нааразычылыктарын билдиришти.

Эңилчек айылынын жашоочулары Каракол-Эңилчек жолуна кар көчкү абдан көп түшөрүн билдиришип, техниканын жетишсиздигине нааразы болушту.

Ак-Суулуктар жалпы 50дөн ашуун суроолоруна жооп ала алышты. Облус башчысы Алтынбек Сулайманов тиешелүү мекемелердин жетекчилерине облустук деңгээлде чечилчү көйгөйлөрдү тезинен карап чыгуу тапшырмасын берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>