Кыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулат

Кыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду. Документке КРдин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен «21st Century Biomedicine» компаниясы кол койду. Долбоорду коштоочу өнөктөш катары «МедФарм Консалтинг» ЖЧКсы бекитилди. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт. Комплекс 20 гектар аянтка алты жылдын ичинде үч этап менен курулат. Индустриалдык парктын курамына илимий-изилдөө борбору, ЕАЭБдин GMP стандарттарына ылайык дары-дармек өндүрүүчү база, медициналык буюмдар борбору жана бизнес-инкубатор кирет.
Улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров долбоор ата мекендик фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө жана ички рынокту камсыздоого багытталганын билдирди.
Долбоорго ылайык, өндүрүш ишке кирсе, Кыргызстандын дары-дармек менен өзүн камсыздоо көрсөткүчү 4 пайыздан 25–30 пайызга чейин жогорулайт. Ошондой эле 2 500–3 000 түз жумуш орду жана 10 миңден ашык кыйыр жумуш орду түзүлөт. Продукцияны Борбордук Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн базарларына экспорттоо пландалууда.