Алтынбек Сулайманов: Бюджет элдики, 6% насыя боюнча эл менен тыгыз иштешкиле

Алтынбек Сулайманов: Бюджет элдики, 6% насыя боюнча эл менен тыгыз иштешкиле

Бүгүн, 15-апрелде Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Түп районунун тургундары менен жолугушту. Ага 300гө жакын айыл тургундары келген. Жолугушуу суроо-жооп ирээтинде өтүп, ар бир суроого облус жетекчиси баш болгон мекемелердин жетекчилери жооп беришти.

Район тургундары 6% менен берилчү насыяны ала албай жатканын билдиришти. Ал эми “Айыл банктын” жетекчиси насыя өз тартиби менен карапайым калкка берилип жатканын айтты.

Облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов жашоочулардын баары юрист эмес экенин айтып, карапайым калкка насыя алуунун жол жобосун жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, документтерин толук тапшыргандарга убактысынан кечиктирбей акчасын берүүнү тапшырды.

“Карапайым эл юридикалык маалыматтардын баарын билүүгө милдеттүү эмес, силер элге кызмат кылып, түшүндүрүп беришиңер керек. Маалыматыңарды сайтка жайгаштырып коесуңар, аны баары окубайт, интернети жок отургандар бар да азыр. Элге маалымат жетпей жатат. Айыл өкмөттөр элге түшүндүрүү иш жүргүзүп, акимчилик көзөмөлгө алгыла”,-деди Алтынбек Сулайманов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>