Белгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз телевидениесинин алгачкы дикторлорунун бири, Кыргыз эл артисти Тамара Жаманбаева 82 жашында каза болду.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. Ал 1959-жылы медициналык окуу жайды, ал эми 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин журналистика багыты боюнча аяктаган.
Ал Кыргыз телевидениесине 16 жашында келип, өмүрүнүн 65 жылын телерадио тармагына арнаган. Эмгек жолунда Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти, Ош облустук телерадиокомитетинин төрайымы, «Замана» жана «Ибарат» студияларынын башкы редактору болуп иштеген. 1995-жылы «Замана» таңкы телепрограммасын негиздеген. Мындан тышкары, Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин курамында болгон.
Тамара Жаманбаева телерадио журналистикасы боюнча бир нече китептерди жазган. Анын эмгеги бааланып, Кыргыз эл артисти наамы, «Даңк» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы ыйгарылган.
Тамара Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын энеси эле.