Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Элмирбек Иманалиевдин бейитине эстелик тургузулат
15.04.2022 | 18:06
Кыргыз эл артисти, төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин бейитине 20-апрелде эстелик тургузуу иш-чарасы болот. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев билдирди.
“Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 2022-жылдын 20-апрелинде КРнын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин бейит жайына эскерме ташын коюу иш-чарасына чакырабыз!
Дареги: Ала-Арча көрүстөнү. Башталышы 15:00.
Эстеликтин баардык чыгымын Кыргыздын мыкты уулдарынын бири Болот Абилдаев көтөрдү.
Эл акыны Элмирбек түбөлүк жашайт”, – деп жазган ал Фейсбук баракчасына.
Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында кант диабетинен улам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом