«Альянс Алтын» Бакай-Атадагы кирпич заводун куруу үчүн ишкерге 5 млн сом бөлдү

«Альянс Алтын» Бакай-Атадагы кирпич заводун куруу үчүн ишкерге 5 млн сом бөлдү

Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында кирпич заводун куруу иштери уланып жатат. Аймактарды өнүктүрүү жана ишкана-өндүрүштөрдү ачуу, жаңы иш орундарын түзүү максатында жеке ишкер Бактияр Иманбековдун долбоорун колдоп «Бакубат Талас» фонду 5 миллион сом акча каражатын кайтарымдуу түрдө бөлүп берген.

Аталган ишкана чийки кирпич чыгарып келген, бүгүнкү күндө ишкананын мешин курууда 20дан ашык адам эмгектенүүдө. 2022-жылдын жаз айларына аяктап апрель, май айларында алгачкы бышкан кирпичтерин чыгарууга пландоо иштери жүрүп жатат. Ишкана толугу менен ишке берилген соң 60тан ашык жаран иш оорундары менен камсыз болот.

Талас облусундагы Бакай-Ата, Талас райондорунда кирпич заводу жоктугуна байланыштуу жылына 40 миллион даанадан ашык кирпич Чүй жана Жалал-Абад облустарынан ташылып келет. Бүгүнкү курулуп жаткан ишканадан күнүнө 20 миң даана кирпич даяр болсо , бир айда 400 миңден ашык бышкан кирпичтер чыгарылат.

“Бакубат Талас” фонду Жерүй кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан каржыланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>