«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке канча салык төлөдү?

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке канча салык төлөдү?

«Альянс Алтын» ишканасы 2022-жылдын май айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 миллиард сом төктү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого» беренеси боюнча да төлөмдөр жүргүзүлдү. Талас облусун өнүктүрүү фондуна — 195, 7 миллион сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна — 117,4 миллион сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна — 78,3 миллион сом бөлүндү.

Азыркы учурда «Альянс Алтын» ЖЧКсында 707 кызматкер иштейт. Алардын 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. Аталган облуста тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201и тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча «Альянс Алтын» ишканасына ишке алынды.

Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. Адистер жаз айында бир нече жолу кен ишканасына жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды.

Тэги: салык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>