«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралатКыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдүОоганстан БА үчүн башкы террордук коркунуч бойдон калууда — КМШ АТББир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөн
Суусамыр дарыясына чөгүп кеткен депутаттын сөөгү табылды
16.05.2022 | 11:12
Чүй облусунун Жайыл районунда буга чейин Суусамыр дарыясына чөгүп кеткен айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаковдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, 11-майда 42 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болгон. Издөө иштерине 33 куткаруучу, 6 суучул, 10 милиция кызматкери жана 15 тууган тартылган.
Сөөк бүгүн табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом