«Альянс Алтын»: Кызматкерлердин укуктары мыкты корголот

«Альянс Алтын»: Кызматкерлердин укуктары мыкты корголот

Бүгүн, 2021-жылдын 17-сентябрында «Жерүй» алтын кенинде «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов жана профсоюздук комитеттин төрагасы Кубат Болоткановдун катышуусунда жамааттык келишимге эки тараптуу кол коюлду. Бул туурасында аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жамааттык келишимге кол коюуга «Альянс Алтындын» администрациясы, компаниянын кызматкерлеринен турган профсоюздук комитеттин мүчөлөрү катышты. Профсоюздук комитеттин мүчөлүгүнө бардыгы болуп 450 адам кирди.

Жогоруда аталган жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толугу менен шайкеш келет жана ал ишканалардын материалдык абалын бекемдөөдө жалпы максаттарга жетүү үчүн иштелип чыкты. Келишим кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, жеңилдиктерди түзүп берет. Белгилей кетсек, мурда компания Профсоюздан расмий келишим алган жана Эмгек кодексинин 37 -беренесине ылайык, “Альянс Алтын” сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>