УКМК: “Кумтөр” менен “Центерранын” мурдагы жетекчилиги издөөгө алынды

УКМК: “Кумтөр” менен “Центерранын” мурдагы жетекчилиги издөөгө алынды

Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, тергөөдө канадалык «Центерра» компаниясы «Кумтор Голд Компания» ЖАКтын мурдагы жетекчилеринин 2013-жылдын декабрь айында чет элдик жарандын жана чет өлкөлүк компаниянын эсебине 200 млн АКШ долларын салганы аныкталды.

Ал учурда Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн кээ бир документтерине таянып, ошону шылтоосу аркасында жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып 200 млн. долларды сыртка чыгарып кетишкен.Бул факты боюнча тергөө тарабынан «Центерранын» мурдагы президенти Ян Аткинсон, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Макл Фишер, «Кумтөр Оперейтинг Компания» ЖАК финансы боюнча вице-президенти Джон Сютерлер сыртынан жоопко тартылып издөө жарыяланган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканы айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>