Атамбаевдин тарапташтары Кой-Ташта чогулду (ФОТО)

 Атамбаевдин тарапташтары Кой-Ташта чогулду (ФОТО)

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына анын тарапташтары чогулушууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, “Социал-Демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана бир катар санаалаштары келген.

Reporter.kg порталынын кабарчысынын айтымында, 200гө чукул киши жүрөт.

Буга чейин митинг болот деп кабарланган. Азырынча митинг тууралы эч кандай сөз болгон жок. Атамбаевга куттуктоо сөздөр гана айтылууда.

Иш-чара Атамбаевдин Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы үйүндө өтүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>