«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырдыБишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталдыЗаводдор, ГЭСтер жана экспорт: Кыргызстан кытайлык инвесторлорду кайсы тармактарга чакыруудаКөчмөндөр оюндары учурунда ден соолукту кантип сактоо керек — медиктердин сунуштамаларыЫсык-Көлдө «Ден-Соолук» борборунун жаңы корпусунун курулушу башталдыUFC чемпиону жана ДКОнун амбассадору Валентина Шевченко Бишкекке келди
Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиадага лицензия утуп алды
21.04.2024 | 20:04
Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.
Ал 67 кг чейинки салмакта жолдомо үчүн беттеште кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде утту. Буга чейин Түнтүк Кореядан келген Ёнг Жин Рон атту спортчуга эки жолу 5 упайлык ыкма колдонуп, жыйынтыгында 11:0 ири эсебинде жеңишти камсыздай алган.
Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдешинин жыйынтыктоочу күнү грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадалык деп эсептелген 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг чейинки салмактарда жолдомо ойнотулду. Ар бир салмакта финалга чыккан экиден балбан Олимпиаданын лицензиясына ээ болот. Финалдык беттештер болбойт.
Эске салсак, Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт