Бишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталды

28.08.2026 | 10:58
Бишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында «Нелегал» рейддик иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик жарандардын арасында миграциялык мыйзамдарды бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-августтан 19-августка чейин УКМК Бишкек шаардык ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен биргеликте чет элдиктер жашашы мүмкүн болгон турак жайларды, коммерциялык объекттерди жана башка жайларды текшерген.

ШИИББнын бөлүмдөрүнө 156 чет элдик жаран жеткирилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренеси боюнча 97 административдик протокол түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 1 миллион 148,5 миң сомду түздү.
Бишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталды — иллюстрация

Мындан тышкары, УКМК Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы (МККБ) менен биргеликте «Нелегал Мото-курьер» атайын рейдин өткөрдү. Ал мототранспорт колдонгон чет элдик жарандардын мыйзамсыз курьердик ишмердүүлүгүн аныктоого багытталган.

Рейддин жүрүшүндө милиция бөлүмдөрүнө 48 чет элдик жаран алынып келинген. Миграциялык мыйзамдарды, ошондой эле мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоо жана башкаруу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Жыйынтыгында жалпы суммасы 322 миң сомду түзгөн 33 административдик протокол түзүлдү.

Ошондой эле Бишкек ШИИББна 10 даана мототранспорт жана эки электровелосипед жеткирилген, УКМКнын маалыматы боюнча, алар чет элдик жарандарга таандык эмес болгон.

Scroll to Top