Анкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейин

Мындан бир нече жыл мурун Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргонуу тармагындагы Түркиянын катышуусу биргелешкен аскердик машыгуулар, Baykar Makina компаниясынын белгилүү Bayraktar учкучсуз учактары жана аскердик-өнөр жай комплексинин (АӨК) дагы бир нече продукциясы менен гана байланышып келген. 2026-жылга карата абал өзгөрдү: Анкара аймакка дээрлик өзүнүн коргонуу өнөр жай тармагын түзүп, аны сунуштап жатат. Ошол эле учурда бир катар келишимдер боюнча техниканын так көлөмү, комплектациясы, баасы жана тейлөө шарттары ачык жарыяланбайт.
Түркиянын аскердик-өнөр жай комплекси 2020-жылдардын башынан тартып Борбор Азияда гана эмес, башка рыноктордо да алдыңкы орундарга чыга баштады. Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) изилдөөсүнө ылайык, 2021–2025-жылдары Түркиянын негизги курал-жарактардын дүйнөлүк экспортундагы үлүшү 2016–2020-жылдардагы 0,9 пайыздан 1,8 пайызга чейин өскөн.
SIPRI эксперттери Түркияны курал-жарак экспорттоочу дүйнөдөгү 11-өлкө деп эсептешет жана жакын арада түрк аскердик-өнөр жай комплекси дүйнөдөгү курал-жарак жана аскердик багыттагы технологияларды экспорттоочу эң ири 10 өлкөнүн катарына кириши мүмкүн деп болжолдошот. Бул божомолдун ишке ашышы толук мүмкүн. Түркиянын Коргонуу өнөр жайы агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы коргонуу жана аэрокосмостук тармактардын экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетип, 10,054 миллиард долларды түзгөн. Ал эми Defense News-2026 басылмасынын аскердик продукция сатуудан түшкөн киреше боюнча дүйнөдөгү эң ири 100 коргонуу компаниясынын рейтингинде Түркиянын беш компаниясы бар.
Defense News-2026 рейтингиндеги түрк компаниялары эмне өндүрөт?
Makina ve Kimya Endüstrisi (MKE) рейтингде 80-орунда турат. Бул ишкана ок-дарылардын бардык түрлөрүн, патрондорду, дарыны жана жардыргыч заттарды, аткыч куралдарды, артиллериялык системаларды жана оор курал-жарактарды чыгарат. Мындан тышкары, MKE абадан коргонуу системалары менен алектенип, бронетехниканы оңдоп-түзөйт жана жаңылайт.
Askeri Fabrika ve Tersane İşletme (ASFAT) 78-орунда жайгашкан. Компания кургактагы, деңиздеги жана абадагы аскердик күчтөр үчүн продукция чыгарат. Анын катарына корветтер, фрегаттар жана аскердик катерлерден тартып, минадан тазалоочу машиналарга, жардыргыч түзүлүштөргө, так багыттоочу комплекттерге жана өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмолорго чейин кирет.
Roketsan 71-орунда турат. Бул компаниядан учкучсуз учуучу аппараттар үчүн жогорку тактыктагы ок-дарыларды, башкарылуучу жана башкарылбаган ракеталарды, танкка каршы ракеталык комплекстерди, башкарылбаган авиациялык ракеталарды, абадан жана ракеталык чабуулдардан коргонуу системаларын сатып алышат.
Turkish Aerospace Industries 47-орунда. Компания истребителдерди, учактарды, машыгуучу вертолётторду, учкучсуз учуучу аппараттарды жана космостук спутниктерди чыгарат.
Ал эми Aselsan 43-орунда турат. Бул Түркиянын эң ири коргонуу компанияларынын бири. Ал аскердик радиостанцияларды, корголгон байланыш каналдарын, талаа телефондорун жана санариптик тармактарды, радиоэлектрондук күрөш системаларын, авиониканы, оптикалык-электрондук жабдууларды, бронетехника жана кемелер үчүн согуштук модулдарды өндүрөт.
Түркиянын ийгилигинин сыры — өнөктөштөрүнө даяр комплекстүү чечимдерди сунуштаганында. Анын курамына учкучсуз учуучу аппараттар, бронетехникалар, ракеталар, оңдолгон траектория боюнча учуучу ок-дарылар, байланыш жана радиоэлектрондук күрөш системалары, кемелер жана авиациялык техника кирет. Рейтингдеги өндүрүүчүлөр бул комплектке жердеги башкаруу станцияларын, операторлорду даярдоону, техниканы оңдоону, программалык камсыздоону жана курал-жаракты чек ара кызматынын же армиянын түзүмүнө киргизүү боюнча сунуштарды да кошушат. Натыйжада бүтүндөй аскердик экосистема пайда болот.
Бул система Борбор Азияда кандай иштейт?
Анкара аймактагы өнөктөштөрүнө кызматташуунун ар кандай моделдерин сунуштайт: Казакстанга — өндүрүштү жергиликтештирүү жана техникалык тейлөө, Кыргызстанга — чек араны бекемдөө үчүн даяр системалар, Өзбекстанга — сатып алууларды, адистерди даярдоону жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүнү айкалыштырган ыкма.
Кыргызстан аймактагы тышкы жеткирүүчүлөргө көбүрөөк көз каранды өлкөлөрдүн бири бойдон калууда. 2021 жана 2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуулар болгондон кийин бийлик чек ара бөлүктөрүн тез арада чыңдоого жана сокку уруучу учкучсуз аппараттарды сатып алууга киришкен.
Ошентип, өлкө Baykar Makina компаниясы чыгарган Bayraktar TB2, Bayraktar Akıncı жана TAI Aksungur учкучсуз аппараттарын сатып алган. Кийинчерээк чек арачылардын карамагында Aselsan компаниясынын İhtar жана SAHİN аттуу радиоэлектрондук күрөш жана учкучсуз аппараттардан коргонуу комплекстери да пайда болгон. Түрк техникасы тез натыйжа берип, чек араны басып кирүүлөрдөн жана провокациялардан коргогон. Бирок ошол эле учурда тышкы жеткирүүчүгө көз карандылык жаралган: техниканы оңдоо, ок-дарылар менен камсыздоо жана программалык камсыздоону жаңыртуу сыяктуу маселелерде да көз карандылык сакталып калган.
2026-жылы Кыргызстан ТНК «Дастан» ишканасынын базасында өзүнүн учкучсуз аппараттарын өндүрүүнү иштеп чыга баштаган. Бирок өлкө түрк учкучсуз аппараттарынан жана аларды тейлөөдөн баш тарткан эмес. Аппараттардын жалпы саны, курал-жарактын комплектациясы, тейлөө баасы жана жеткирүү мөөнөттөрү тууралуу ачык маалымат жок.
Ошол эле учурда 2024-жылдын ноябрында Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке болгон сапарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин өлкөнүн 58,8 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын кечкен. Кыргыз президентинин басма сөз кызматынын расмий маалыматына ылайык, карыз «жашыл» экономика жана туруктуу өнүгүү долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында кечилген. Бирок бул каржылык жеңилдик курал-жарак сатып алууга байланышкан келишимдин бир бөлүгү болушу мүмкүн деген божомол да бар.
Кыргызстан менен Түркия аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө. Эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин жетекчилери бул маселени жакында Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде талкуулашкан.
Казакстан өндүрүштүк аянтчага айланууда
Казакстандагы кырдаал башкача: бул өлкө Түркия үчүн өндүрүштүк аянтча катары каралууда. 2022-жылы эле Астана менен Анкара Казакстандын аймагында ANKA учкучсуз аппараттарын чогултуу жана тейлөө пландарын жарыялаган. Казакстан Turkish Aerospace Industries компаниясынын учкучсуз аппараттары нөлдөн баштап өндүрүлө турган биринчи чет өлкө болушу керек эле.
Бирок 2026-жылдын май айында гана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев түрк кесиптеши менен ANKA аппараттарын өндүрүү жана техникалык тейлөө боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Ишкананын качан ишке кирери азырынча белгисиз.
Мындан тышкары, 2024-жылдын октябрында Казакстандын Коргоо министрлиги Baykar Makina компаниясы менен өлкөдө тактикалык учкучсуз аппараттарды жана оперативдик деңгээлдеги бутага чейин учуп барып сокку уруучу ок-дарыларды өндүрүүнү жергиликтештирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
Мындай продукцияны өндүрүү үчүн татаал өндүрүштүк жана уюштуруучулук база талап кылынат. Анын ичинде навигациялык компоненттер, оптика, башкаруу системалары, согуштук бөлүктөр, программалык камсыздоо жана сыноо инфраструктурасы бар.
Бирок 2026-жылдын башында Казакстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Forbes Kazakhstan басылмасына Baykar Makina менен иштешпей турганын билдиришкен. Алардын айтымында, компания министрлик үчүн «кабыл алынгыс» болгон бир катар шарттарды койгон. Мындан тышкары, сыноолор учурунда бутага чейин учуп барып сокку уруучу ок-дарылар жарыяланган тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөргө жооп берерин тастыктай алган эмес.
Ошол эле учурда өлкөдө Kazakhstan Aselsan Engineering биргелешкен ишканасы иштеп жатат. Ага казак тарап, Aselsan компаниясы жана Түркиянын Коргонуу өнөр жайы агенттиги катышат. Компания байланыш системаларын, оптикалык-электрондук жабдууларды жана башка аскердик продукцияларды чыгарат жана тейлейт.
Казакстандын инвестициялык порталынын маалыматына ылайык, ишканага 44 миллион доллар инвестиция салынган, 110дон ашык жумуш орду түзүлгөн. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 7200 даана продукция чыгарууга жетет деп көрсөтүлгөн. Бирок технологиялардын канчалык деңгээлде өткөрүлүп берилгени жана Kazakhstan Aselsan Engineering продукциясында казакстандык компоненттердин үлүшү канча экени жетиштүү деңгээлде ачык эмес.
Өзбекстан кызматташтыкты этияттык менен өнүктүрүүдө
Акыркы жылдары Өзбекстан армиясын этият, бирок ырааттуу жаңылоодо. Коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, Ташкент курал-жаракты сатып алуу менен гана чектелбестен, улуттук коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүгө жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулууда.
2024-жылы Өзбекстан Түркия менен коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялаган. 2025-жылы эки өлкө аскердик кызматташтык боюнча жаңы документтерге, анын ичинде коргонуу системасын өнүктүрүү, адистерди даярдоо жана мекемелердин өз ара аракеттенүүсү боюнча документтерге кол коюшкан.
Ошол эле жылы Өзбекстан Turkish Aerospace Industries компаниясынан ANKA учкучсуз аппараттарын сатып алганы тууралуу маалыматтар да ачык булактарда жарыяланган. Бирок конкреттүү моделдер, жеткирүүнүн көлөмү жана өндүрүштү жергиликтештирүү боюнча толук маалымат берилген эмес.
Ошентсе да өнөктөштүк кеңейери белгилүү. 2026-жылдын августунда Өзбекстандын Коргонуу өнөр жайы агенттиги Aselsan компаниясы менен сүйлөшүүлөр
Елена Короткова