Чүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот Ибрагимов

Өнүгүү айрым гана облус жана райондорду эмес, бүтүндөй Кыргызстанды камтышы керек. Мындай пикирин КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Болот Ибрагимов Чүй облусунун 100 жылдыгын майрамдоо учурунда аймактын өнүгүшү тууралуу берилген суроого жооп берип жатып Reporter.kg басылмасына билдирди.
«Менин оюмча, бүгүнкү күндө Чүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүп жатат. Ал эми бул майрам көбүрөөк символикалык мааниге ээ. Бул эң биринчи кезекте биздин тарыхыбыз», — деп белгиледи ал.
Мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылып жатып, Ибрагимов мектептердин курулушун жана инфратүзүмдүн өнүгүшүн баса белгиледи. Анын байкоосунда, буга чейин күч түзүмдөрүн чыңдоого көбүрөөк көңүл бурулуп келсе, учурда билим берүү мекемелеринин курулушу жигердүү жүрүүдө.
Вице-спикер ошондой эле кыргызстандыктарды Чүй облусунун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, аймактын бай тарыхын жана көп улуттуу курамын белгилеп өттү.
Ал аймактын аймагы аркылуу Улуу Жибек жолу өткөнүн эске салып, өзү да Чүй жергесинин кулуну экенин кошумчалады.
Эльвира Сатыбекова
Анара Мамытова